Thursday, July 9, 2009

Чолпонбайдын амбразура


Балким архивдерде Чолпонбай Түлөбердиев Москванын алдында немистердин кандай амбрзурасына бой таштаганы тууралуу документ, сүрөттөр сакталып калгандыр. Бул баатырдын эрдиги тууралуу китептен гана окугандыктан, Британия менен жээктеш Францияда Ла-Манш кысыгын бойлото орнотулган Экинчи дүйнөлүк согуштан калган амбразуларды көргөндө жүрөк болк этти. Немистер Союздаштарын чабуулуна даярданып, жээк бойлото ар 50 метр сайын курган бункерлердин үчөөсүн Диептин жанынан көрдүм. Алар бетондон ушунча бекем, калың салынган экен, эмгиче бузулбай турат. Эң бийик чокудагы бункердин ичине кирдим. Кадимки 3-4 бөлмөлүү батирдей бар, шыбы адам басканга болоорлуктай бийик. Эң төркү бөлмө деңизди карайт, болгондо да узатасынан тешилген көзөнөктөн бүт кысык колго салгандай көрүнүп турат. Азыр акыр-чикир толгон бункерди музейге айландырса болчудай, бирок мындай бункерлер миңдеген чакырым аралыкта сансыз көп болсо,кайсы бирине жетишмек эле деп ойлодум.

No comments: