Friday, June 19, 2009

Ушунчалык да узун аталыш болот экен

Бул жазуу көчөнүн аталышы экенин дароо баамдаш кыйын. Котормосу: "Франциянын Ички Күчтөрүнүн 2-баталонунун 5-отряды атындагы көчө, 12-август, 1944-жыл".

Мында нацисттик Германиянын (les Boches деп аталган) куралдуу күчтөрүнө (анча-мынча) каршылык көрсөткөн Франциянын эл аралык армиясынын cocorico атыккан аскерлери тууралуу сөз жүрүп жатат. Мындай күчтөргө айтылуу Түркестан легионунун немистерден качкан аскерлери да кошулган болсо таң калбайт элем.

Бриттани Экинчи Дүйнөлүк согушта немистер басып алган аймактардын катарына кирген. Немистер Франциянын бүт батыш деңиз жээгин көзөмөлдөп турушкан. 1944-жылдын июнунда Союздаш күчтөр немистердин коргонуу чептерин бузуп, Норманди (Британиден батыштагы дубан) аркылуу чабуулга өтүшкөн.

Бул узун аталышты мен Бриттанинин Ердевен деген айылына жакын жердеги эс алуу паркына кире бериштен көрдүм. Французча чечмелегенде: Rue de la 5ème compagnie du 2ème bataillon des Forces Françaises de l'Intérieur.

Үлүл да тамак турбайбы

Кытайлар курт-кумурсканы деле жей берет деп айтышат эмеспи, ал эми кыргыздар жутчулуктун маалында да балык кармап жешчү эмес дешет. Балыкты курт-кумурскадай эле көрсөк керек. Бирок Арал деңизинин боюнда жашаган бизге тууган кара-калпак эли конок келсе балык союп коноктойт. Ал сыңарында, мен да деңиз жандуу элдердин тамагын көрөйүн дедим. Өзүм барып, деңиздин жээгинде суу тартылганда таштардын бетинде калган үлүлдөрүн чоңдорун терип келдим. 6 мүнөт туздуу сууга бышырдым. Майонез менен желет экен, ага ак шарап ылайык. Даамы креветка эле окшош (мага жакты). Үлүлдү французча "escargot" (эскарго) деп аташат. Үлүлдү узун ичке айры (вилка) менен сайып, акырын бурап туруп, тартып алыш керек экен, меники көбүнчө куйругу ичинде калып калып атты.

Көөнө кеме кароосу


Европанын Атлантика мухитин караган батыш кылаасында ар кыл кеме-кайык кароолору такай өтүп турат. Кыргызга тоо-таш кандай ыйык болсо, суудан балык, кит кармап, кезегинде айрымдары жаңы аралдарды ачкан, Латын Америкасын, Азияда элдерди басып алган, Африкадан кул ташып, байлыкка тунган бул элдер үчүн да суу ошончолук баалуу. Жолдуу болуп, эки жылда бир болуучу байыркы көөнө кемелер кароосуна туш келдик. Локмариаке деген жарым аралдын аркы-берки тарабы бүт элге толгон, 2 миңдей кеме келди, француздардын, Швециянын желегин көрдүк, калгандарын көрө алган жокмун, алыс болуп. Бул сүрөттө кайыкчылар суунун агымына туруштук бере албай, биз турган тарапка сүрүлүп кетип, кайра терең сууга кайтышты. Кубанып, бизге кол булгашты, биз да "бали, бали" деп жардап турдук.

Келттердин балбалдары

Бул видеодо - Бриттанидеги долмендер, кыргыз, түрк элдериндеги балбал таш сыңарында. Британияны жана азыркы Франциянын түндүк-батыш кыйырын кылымдардан миңдеген жылдардан бери жердеген келттер таштан ар кандай эстеликтерди тургузушкан. Ташты чекпестен, аларды кеңири аянтта жайгаштырышкан. Максаты балким күндүн качан чыгаарын аныктоо болгон. Балким ал жерлер сыйынуу жайы же күмбөз болгон. Мындай комплекстердин эң атактуусу Англиядагы Стоунхеж (Stonehenge, Wiltshire). Бүгүнкү келттер бул эстеликтерди көздүн карегиндей тутат дешет.


Кытайдагы "түрк мигранттары" жана башкалар


Ма Тиаң жакында Прагадагы жазуучулар фестивалына катышты (www.wpf.cz). Кытайлык диссидент жазуучу. Анын "Кызыл чаң" деген китебин окудум. Чыгыш Түркстанды такыр билбейт окшойт. "Кытайдын эң батыш кыйырында (Шинжаңда)саясий айыпкерлер жана түрк мигранттары (!) жашайт" деп жазыптыр. Анын күндөлүгүндө тартылган картада Тенгири деген тоо кыркасы бар экен, ал эми Ордос чөлү болжолу түрк-монголдордун "ордо" деген сөзүнөн бейм. Мени анын улуттук азчылыктарга кызыкканы кызыктырды. Атайын бүт Кытайды түрө кыдырып, улуттук азчылыктардын өкүлдөрү менен таанышат. Гон-Конгго жакын жердеги Ли деген элде кыздарын хан кытайлар көз артпасын деп беттерин татуировка менен боеп койчу экен. Ли элинин өкүлдөрүн хан кытайлар зоо-парктакыдай темир торго салып алып, бир ирет 3 ай элди кыдырткан күндөр өткөн экен. Дагы бир элде кыз боюна бүтмөйүнчө күйөө албайт экен, согончогу канабаган кыздарды ата-энеси кепеге камап салышат экен. "Кытайда ар кыл элдер жашайт, муну билбеген адам Кытайды билбейт" деп жазат Ма Тиаң.

Thursday, June 4, 2009

Британ куймагы


Мынча болду, crêpe - же орустар "блинчик" атаган куймактан ооз тийиңиз! Болгондо да Бриттанидеги (Британия менен алмаштырып албаңыз) нагыз crêpe-тен. Бир гана жери, бир кишиге болгону бирди гана сунушат экен. Мунусуна ич эттен жасалган колбасадан бир кесим, бир жумуртка салынган. Жакшы жери, десертке да куймак алсаңыз болот. Аны балмуздак, кыйма, бал менен беришет. Крепке албетте сидрдин эң мыктысын алыңыз. Креп 6-10 евро (бир порциясы), сидр 3-7 евро (бир шишеси). Анан креп-ыр угуңуз!

Сидр - британ суусундугу


Сидр - алмадан жасалган, кваска окшош ичимдик, алкогол аз болгондуктан суусундук деп койсо деле болгудай. Эң ширин сидрди Бриттаниден ичтим. Болгондо да нагыз бриттани куймагы - креп менен. Сидрди көрсө чай куйгандай, чыныга куюп ичиш керек экен.