Tuesday, March 31, 2009

Түркмөн сүрөтчүсүн тааныткан Эмка

Феврал болчу. Огулбүбү (париждик журналист, түбү Түркмөнстандан) мага бир галереяны көрсөттү. Эмка Токар Тугуров деген атактуу түркмөн сүрөтчүсү менен Париждеги Сүрөтчүлөр шаарчасында таанышып калат. Токар Эмкага сүрөттөрүн калтырып, көргөзмө уюштуралы дейт. Бирок Ашхабадга кайткандан көп өтпөй көз жумат. Мына эми сүрөткердин аманатын Эмка өз галереясына коюптур, жайында дагы чоң көрсөтмө болот деди.

Видеодо Эмканын Тугуров тууралуу айтканы:



Aрткы дубалда Токар Тугуровдун сүрөтү.

Даима (кризиске) дайым дайын


Февралдын аягы болчу. Даима менен Огулбүбү тааныштырды. Өзбекстандын сүрөтчү үйүнө чакырды. Сыртта кыжы-кужу, ал эми Даима Рахманбекованын батиринде жымжырттык өкүм сүрөт, кут түшкөн үйлөр ушундай болсо керек деп ойлодум. Кризис тууралуу сүйлөштүк. Францияда 20 жылдан бери жашаган Даима мындай кризистерге көнүп бүткөнүн айтты. Брюсселге көргөзмөсү болгону жатырптыр. Сүрөттө оңдо - Даима, солдо - Огулбүбү, түркмөн журналисти. Парижде мына ушундай кыздар бар экен!

Атактуу саякатчы менен жүздөшүү

Силван Тессонду француздар жакшы билет. Ал роман, аңгеме жазат, Ле Фигаро жана башка ири гезиттерге ар дүйшөмбүдө комментарийлери чыгып турат. Саякат китептери да кеңири таанымал. Париждеги саякат китептерин саткан Итинерер (http://www.itineraires.com/contact.php) китеп дүкөндө жаңы романына кол койду. Киши көп келди. Байкал жөнүндөгү сүрөт китебин да көрсөттү. Мурда Силвандын Борбор Азия боюнча атчан саякаты тууралуу фото-китебин көргөн элем. "Жарым мүнөт убактыңызды бөлүңүз" десем, буларды айтты:

http://www.itineraires.com/contact.php


Тессон видеодо: ""Бир ирет Борбор Азияны атчан кыдырдым, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан аркылуу өттүм. Кең талаа, тоо-таш, көчмөн элдин жашоосу мени өзүнө тартып турат. Анткени көчмөндөр эркин, жаратылышы кооз. Аттиң, француз болуп калганымды кара, көчмөн болсом гана деп өкүндүм, Борбор Азияны кыдыргандан менде ушундай арман калды."