Wednesday, June 30, 2010

Деңиз "аманаты"

Суу боюнда жашаган адам ач калбайт болуш керек. Бир эле чыкканда, Атлантиканын жээгинен ушунча азык таптым. Баары желет, 2-3 мүнөт туздуу сууга бышырсаңыз жетет. Ичинде краб, үлүлдүн 2-3 түр бар. Бирок, туура, баары бир козунун жаңы бышкан этине жетпейт!

Сейрек сүйрү жээк

Жээктин баары сүйрү келсе керек, бирок бул жээктин өзгөчөлүгү ал ичти көздөй эмес, сыртты (мухитти) көздөй созулуп жатканында. Айрым саякат китептерине ишенсек, мындай жээк (французча comvex) Франциянын Груа (Ile de Groix) аралында гана бар имиш. Ал гана эмес, бул жээк бир нече жылда бир нече метрге капталдап жылып кеткен экен. Болжолу, бул жээктин эки тарабында эки бөлөк суу агымы жээкти улам "учтап" жана жылдырып турат окшобойбу.

Бактысы тайкы балык

Адатта чиркөөнүн кылда учунда короз болот, ал эми Груа (Ile de Groix)аралындагы башкы чиркөөнүн чатырындагы шиште балыкты көрөсүз. Бул туна деген балык, Франциянын Атлантика тарабында жайгашкан Груа аралы кезегинде Европаны ушул балык менен камсыздап турган. Эти бир аз кургак, кызгылт-күрөң түстөгү келген бул балыктын узундугу бир метрден ашышы мүмкүн. 1940-жылдары мухиттерден жылыга 300 тонна туна кармалса, акыркы жылдары жылыга 4 миллион (!) тоннадан кармалат. Мындан ылдамдык менен жүрүп отурушса, туна ушул чиркөөнүн чокусунда эле "эстелик" болуп калат го!

Нан тууралуу мыйзам

Батышта баары мыйзам менен аныкталат. Мисалы коңшуңуздун короосундагы алма бактын бутагы сиздин короого чейин созулуп өссө, ал бутактагы алма сизге тийешелүү болот. Бул мыйзамда жазылгандыктан, эч кандай талаш чыгышы мвмкүн эмес. Ал эми сүрөттөгү нан тууралуу мыйзамда (Франция) "салттуу француз нанында" канча ун, канча соя, канча башка дан болушу керектиги жазылган. Бул мыйзамды дүкөндөн алган ар бир наныңыздын кагаз баштыгынан окуй аласыз.