Friday, July 10, 2009

Балка баатыр

Жанна Д'Арк 20 жашында кол курап, аскер баштап, жергесин британдардан коргоп калганы менен дүйнөгө кеңири таанылган. Анын ал боз ат минген айкели Парижден түштүктөгү өзү туулган Орлеан шаарында турат. Француздарда андан башка да баатыр кыздар бар экен. Алардын бири Жанна Балка Буве шаарында жарык дүйнөгө келген, ал туулган үй турган көчө азыр анын ысмында. Буведе Жанна Балкага (Jeanne Hachette) арналган фестивалдан жарнаманын бирине көзүм түштү. Тилекке каршы фестивал өтүп кеткен экен. 15-кылымда жашап өткөн кыз шаарын коргоп, душмандарына каршы балка көтөрүп чыккандагы эстелиги шаардын борборунда турат.

Thursday, July 9, 2009

Европадагы эң бийик чиркөөдөн бир шиңгил музыка

Европадагы эң арзан аба каттамдарынын бири словакиялык Skyeurope кризиске кептелгенде, венгрлердин Wizzair аба каттамы ага конкурент болуп чыкты. Бул каттамдын билеттери эмнеге арзан десеңиз, ал борбор калаалардан алысыраак жайгашкан аэропортторду пайдаланат экен. Мисалы Парижге учсаңыз, Wizzair сизди андан 80 чакырым аралыктагы Бове шаарына алып барып таштайт, Парижге автобус менен бир жарым саатта жетип келесиз. Жолдордо тыгын көп өлкөдөбул анча деле узак эмес. Экинчи дүйнөлүк согушта дээрлик тып-тыйпыл болгон Боведе(французча Bevauvais) саналуу гана имараттар аман калган. Алардын бири Ыйык Петрдин чиркөөсүн Европадагы эң бийик чиркөө дешти. Бул видеодо анын асман тиреген шыбын орган музыкасынын коштоосунда карап отуруп тартып алдым.

Чолпонбайдын амбразура


Балким архивдерде Чолпонбай Түлөбердиев Москванын алдында немистердин кандай амбрзурасына бой таштаганы тууралуу документ, сүрөттөр сакталып калгандыр. Бул баатырдын эрдиги тууралуу китептен гана окугандыктан, Британия менен жээктеш Францияда Ла-Манш кысыгын бойлото орнотулган Экинчи дүйнөлүк согуштан калган амбразуларды көргөндө жүрөк болк этти. Немистер Союздаштарын чабуулуна даярданып, жээк бойлото ар 50 метр сайын курган бункерлердин үчөөсүн Диептин жанынан көрдүм. Алар бетондон ушунча бекем, калың салынган экен, эмгиче бузулбай турат. Эң бийик чокудагы бункердин ичине кирдим. Кадимки 3-4 бөлмөлүү батирдей бар, шыбы адам басканга болоорлуктай бийик. Эң төркү бөлмө деңизди карайт, болгондо да узатасынан тешилген көзөнөктөн бүт кысык колго салгандай көрүнүп турат. Азыр акыр-чикир толгон бункерди музейге айландырса болчудай, бирок мындай бункерлер миңдеген чакырым аралыкта сансыз көп болсо,кайсы бирине жетишмек эле деп ойлодум.