Sunday, August 24, 2008

Боор ооруткан боор



Кыргыздар куйрук-боорду же казы-картаны кандай бааласа, француздар өрдөк-каздын боорун ошончо баалашат. Алардын деликатеси кайсы деп сурасаңыз "фруа грасс!" (froi grass) деп сыймыктануу менен жооп беришет. Эжигей (сыр), шарап, коняк, армагняк, шампан да албетте ушул катарда, бирок фруа граны чет элдиктер азыраак билишет, себеби кымбаттыгында да болсо керек (эң кымбат деген эжигейден кеминде эки эсе кымбат).

Кандай болгон күндө да, "бир чайнасаң май чайна" деген сөз каныма сиңип калган жаным, бул майлуу азыкты айрыкча жактырып калдым. Бирок ал кандайча алынаарын билгенден кийин, азыр эки ача ойдо жүрөм.

Көрсө, өрдөк-казды бир ай байлашат экен, нык тойгондо канаттуулар жем жебей калышат. Ошондо аларды күч менен тамактандырышат. Тактап айтканда, канатуунун оозун ачып туруп, жем тыгышат, ал да өтпөй калганда атайым бурама машина менен тыгып киргизишет. Ошентип семирген өрдөк-каздын боору май басып, 300 грамдан 1 килограмга жетет.

Кыргыздар мал сойгондо малдан кечирим сурап туруп сойчу дешет. Француздарда андай үрп-aдат тууралуу кулагым чалган жок.

Видеодо Дакстын жанындагы канаттуулар фермасы

Белестеги беш ыргай

Видео: Ландес (Landes) ооданындагы койчунун бийи


Дакстан түндүктөгү аймактарда мурда эл малчылык менен алектенген экен. Бирок, саздак жерлер кургатылгандан кийин койдун ордуна Латын Америкасынан басктар алып келген жүгөрү өстүрүлүп, ал эми кийинки кездери каз-өрдөк бакканга өтүшкөн. Эзелтен берки малчылык турмуштан болгону ыргай бийи сакталып калыптыр (жогорудагы видеодо).

Ыргай "минген" жигиттер кыздар менен кантип сүйлөшөт билбейм, бирок алар да кээде чогуу бийлешет экен, бир гана жери жигиттер ар дайым өйдөдөн төмөн карашат (бирок турмушта такыр андай эмес, бул жөнүндө өзүнчө сөз кылуу мүмкүн).

Дакстын "жаңы кыргыздары"

Дакс (Dax) Парижден Бордо аркылуу Испанияга баруучу кан жолдо жайгашкан, ошондой эле андан ары Франциянын түштүк-чыгышындагы Тулузду көздөй жол кетет. Аталышы болгону "суу чыккан жер" дегенди билдирет. Деңизден 50 чакырым жерде. Бир сааттын ары берисинде бул аймактын санжыргалуу шаары болгон чек арадагы басктардын Биаритсине кирип барасыз.

Дакс байыркы Рим империясынын тушунда император кызын дары сууга жибергенден түптөлгөн деп айтылат. Суу менен дарылануу Thermalism деген аталыш менен белгилүү. Дакстын дары суусу 64 градус ысык, суумайынча иче албайсың, анын үстүнө кыйла туздуу. Бул жерлер жер каймактаган замандарда деңиздин түбү болгон экен, деңиз кеткенде туз чөгүп калган. Бүгүн жердин түбүнөн ысык суу ошол туз катмарлары аркылуу атылып чыгат. Ысык суудан шаар тургундары үйлөрүн жылытып, жайы-кышы бекер пайдаланышат. Суу чыккан жерди айланта курчалган Рим фонтаны (сүрөттө) шаардагы эң эски тарыхый эстелик. Болбосо шаарда бүгүн сөз кылаар эски имарат жокко эсе, баары эле кадимки эле кадыресе 3-4 кабат же жер там үйлөр. Эски үйлөрдү 19-кылымдын этегинде, 20-кылымдын башында жаңы байыган капиталисттер түрттүрүп салышкан экен. "Кантип ушуга жол берилген? Европанын канча шаарларында байыркы мезгилден калган архитектураны көздүн карегиндей сакташат эмеспи" десем, "биз жактагы эл маданиятка, тарыхка кызыкпайт, бизге дасторкондо жайнаган тамак болсо, жоро-жолдошторубуз, тууган-тушкандарыбыз менен чакырышып, шаракташып, той-тамашада жүрсөк, башканын кереги жок" деп айтышты. Бир чети бүгүнкү жаңы кыргыздардын менталитетин эстесем, бир чети апамдын "кой деле жайытка жайып койсо курсагын тойгузганга жарайт" дегени ушул белем деп күлдүм. Видеодо Дакстын көчөсүнөн көрүнүш

Monday, August 18, 2008

Конкурска катышасызбы?


Дакста архитектура жок болгону менен, конкурс бар! Конкурс (французча conkours, конкур деп окулат)испандардын корридасынан калган, тагыраак айтканда, анда букалардын ордуна уй-сыйыр менен оюн курушат (уй кармаш). Бирок кадимки эле короодо жуушап турган, силкий баскан уй эмес, корридага катышкан букалардын тукумунан чыккан сүзөнөөк, булчуңдары таштай келген уйлар. Франциянын ушул тарабына гана мүнөздүү бул таймаштын Испаниядагы корридадан айырмасы ушунда. Коркурстан сүрөттөрдү көчөлөрдөн, терезелерден, дүкөндөрдөн, үйлөрдөн, айтор бардык жерден көрөсүз. Дакстын аянттарынын биринде алтургай конкурска арналган айкелди көрдүм (биринчи сүрөт).

"Коррида" болгону "чуркоо" дегенди билдирет, ал буканы курмандыкка чалуу салтынан калган, ал эми Испанияга бул оюнду кандуу жана Атилла хан канкордуктун туу чокусу санаган гладиатор кармаштарына убактылуу тыю салынган мезгилде император Кладиус тарабынан киргизилген деп саналат.


Бир үйдөн мага Элодие тууралуу сыймыктанып айтып беришти, көрсө жалаң жигиттер катышкан бул кармашта тореро кыз да бар экен. (сүрөттө).

Жолдуу болуп, жайкы фестивалдарда коркурс ойну да бар экен, ошондон бир көрүнүштү тартып алдым (видео).



Сөздүк:
Conkurs de vaches Landaises - Ландез (оодандын аты) уйлары менен мелдеш, конкур
Le teneur de corders - уйду аркан менен кармап турган киши
Le sauteur - уй келатканда анын үстүнөн секирип түшкөн тореро (видеодо)
L'ecarteur - уй келатканда ордунан кыймылдабай туруп, аны капталынан өткөрүп жиберген тореро

Sunday, August 17, 2008

Мушкетерлер жергесиндеги үй

Төмөндө сөз болгон кландын бирөөсүнүн үйү. Эски өрдөк фермасын 20 жыл ремонттоп, үй кылып алышкан. Азыр жайында жумасына 2000 еврого шаардыктарга ижарага беришет.


http://www.flickr.com/photos/29673565@N06/show/

Мушкетерлордун жергесиндеги уруучулук

Уруучулук кыргызда эле бар экен десем, гаскондордо да жолуктурдум. Бирок бул системада кыз-эркек деп бөлүү жок, кимиси күчтүү болсо, ошол кланды карманышат. Кадимки эле биздин айылдагы туугандардай, кимдин кайда эмне кылып жүргөнүн билип турушат, бир бирин колдошот, кээде урушуп же бир биринен кызганган учурлар да жок эмес. Алардын бири мага буларды айтып берди:

"Менин атам Британиден (Франциянын батышындагы провинция), энем ушул жактык. Мен өзүмдү энемдин кланына кошом. Каникулда таятамдын Дакс тараптагы ак сарайына келип, анын айланасындагы дүпүйгөн токойдо ойночубуз. Көзү өткөндөн кийин, үйүн инисинин уулу Жан алды. Менин инимен көрө ошого өткөнү жакшы болду, анткенин иним экөөбүз ата-энебиздин мурасынын айынан урушуп кеткенбиз. Жандын сегиз бир тууганы бар. Менин энем "менин алты эле балам бар" деп ичи тарычу эле. Бир туугандарым менен 3-4төн балабыз бар. Бул Франциядагы орточо көрсөткүчтөн жогору. Бирок Жандын үй-бүлөсү мындан да чоң. Энеси 83кө чыкса да тың, 45 небере-чөбөрөсү бар, күйөөсүнүн да көзү тирүү. Биздин кланда жалпысынан 40 чакты бөлөбүз, ар кимибиз ар жерде, бирок жамандык-жакшылыкта жолугушуп турабыз. Жан биздин таятабыздын үйүндө ар жылы 12-августта курултай өткөрөт, ага чогулганда 150гө жакын киши келебиз." деп сөзүн жыйынтыктады маектешим.

Уламыш: Мушкетердун арманы

Үч мушкетерду ким билбейт! Мен барган жерлер Дакста жана жалпы эле Бордо регионунун тургундары (алдыдагы картаны караңыз) атактуу Александр Дюма дүйнөгө тааныткан эр жүрөк жана ак көңүл мушкетерлордун урпактары экендиги менен сыймыктанышат. "Мушкетерлер Франция армиясынын эң мыкты аскерлери болгон, себеби алар өз арасында тынбай чабышып, аскердик өнөрүн үзгүлтүксүз өркүндөтүп турушкан" дешет алар тамаша-чыны аралаш. Алардын бири айтып берген мушкетер тууралуу укканым бул:

Бир акын болот, ал бир кызды сүйүп калат. Бирок мурду узун, өңү серт болгондуктан, кызга ашыктыгын билдире албайт. Ошондо ал кызга ашык болгон бир жигит аркылуу өз ырларын жиберип турат, ал жигит ырларды өзүмкү деп окуп берет. Акын ичтен сызып жүрө берет. "Ушул кейпим менен кызга сөз айтсам, сөзүмө кулак салбайт, кайра шылдың кылат" деп тартынат. Өзүнүн узун мурдун ырга кошчу болсо, эл боорун тытып күлөт. Бирок анын чукугандай сөз тапкан чечендиги, бирөөлөрдү тамашалап чычалаткан учкул саптары эл арасына кеңири тарайт.

Ошентип жүрүп, согуштардын биринде берки жигит өлүп калат. Арадан жылдар өтө берет. Бир жолу акын баягы кызга жолугуп калат, ал кыз өзү сыңарында орто жаштан ашып калган болот. Аял андан берки өлгөн жигит тууралуу сураштырып отуруп, ыр жазган ал жигит эмес эле ушул акын болгонуна көзү жетет, бирок акын муну танып туруп алат. Бирок акыры "мен кейпимден сени жийиркенет деп айткан эмесмин" деп агынан жарылат. Ошондо экөө кучакташып ыйлап да, күлүп да, чоң кубанычка батышат. Бирок көп өтпөй, акын согушта өлүп калат. "Себеби гаскондор согушпай тура алышкан эмес" деп сөзүн жыйынтыктады маектешим.

Wednesday, August 13, 2008

Күмүш жээктин картасы

Мухиттин кучагында!

Франция Казакстандан алты эсе кичине, бирок баары бир зор өлкө. 10 саат дегенде Парижден Дакска жеттик. Бул жак Акитан провинциясы, Испания менен чек арадагы, Пиренейдин этегинде жайгашкан.

Бул тарапты le pot de chambre de la France (Франциянын күлтүгү - ночной горшок) деп коюшат, себеби абасы өтө нымдуу, жаан көп жаайт. Бул тууралуу Павел Назаров Атлантиканын нымдуу абасы ичкери көздөй жылганда Батыш Түркестандын ысык чөлдөрүндө дээрлик токтолбостон, Ат-Башы өрөөнүнө келип токтолоорун жазган (Hunted Through Central Asia, 272-бет).

Биз келген тушта күн ачык эле. Дароо океанды көздөй жөнөдүк. Мен Тенериф аралында океанды алыстан көргөм, ошондо анын 2-3 метр келген толкундарын көрүп эле, жакын барууну ойлогон да эмесмин. Бул ирет атайын келгенден кийин түшүүгө туура келди. Мухит бүгүн тынч дешти, бирок баары бир жүрөктү опкоолжутат. Зор толкундар жээкке келип урунган жеринде туруп калсаң, бир заматта көмкөрөңөн салат. Көп киши жээктен көп алыстап кете албай жүрдү.

Жакшы жери толкун менен алышып атып, убакыттын өткөнүн да билбей калат экенсиң. Сууга сүзгөндү үйрөнүп алганыма сүйүндүм, себеби жээктен алысыраак кетсең, чоң толкун келатканда секирип, калкып, же толкундун дал курсагына сүңгүп кирип жүрө берсең, толкунду көп тоотпой калат экенсиң.

Бул жээкти Күмүш жээк деп аташат. Испания менен чек арадан түндүккө карай 150 чакырым созулуп жатат. Жээгинде курулуштар жокко эсе. "Биз жээкти испандар Коста Браванын ишпалдасын чыгаргандай кылгыбыз келбейт, суунун жээгинде, жаратылыштын кучагында эс алуу биз үчүн башкы байлык" деп айтышты. Мен таландыда калган Ысык-Көлдү эстеп, ичим тыз этти!

Мухиттин суусу туздуу экен, Жер ортолук деңизинен да туздуу көрүндү, бирок суусу Ысык-Көлдөн кыйла жылуу. 2-3 саат чыкпай жүрө берсең да билинбейт.

Пуатъе - арабдардын жолун торогон шаар


Парижден Баск жергесине чейин дээрлик 800 чакырым! Франциянын баш калаасынан Бордо регионун көздөй кеткен даңгыр жолго түштүк. 2 жарым саатта кофе ичкени Пуатьеге токтолдук.

Пуатъе - илгери ак сөөктөр ак сарайларын курган Луар өзөнүнүн боюнчадагы көркөм шаарлардын бири. Рим империясынын тушунда айрыкча өсүп өнгөн, көп кабат таш үйлөр жыш курулган көчөлөр кууш келип, көлөкө болуп турат. Ушунусу менен Италиянын түштүгүндөгү байыркы шаарларды эске салды.

Көчө демекчи, Европадагы шаардын эскилигин көчөлөдүн ортосунан кыйгач салынышынан билсе болот (оңдогу сүрөттү караңыз). Азыр анча байкалбаганы менен, бул кыйгай арыкча мурда бир аз тереңирээк келген жана шаар тургундары таштанды, жуундусун терезеден ушул арыкчаларга төгүп турушкан. Шаардагы аба жыпар жыттанып турбаганын элестетүү кыйын эмес. Бирок жыттан да мурда, мындай булганчтан ар кандай эпидемиялар чыгып, миллиондогон кишинин өмүрүн алып кетип турган. 19-кылымдын этегине чейин булганч таштанды, аны ташыган келемиш чычкан жана жуулбаган колдогу бактерия жугуштуу оорулардын башкы булагы экендигин билишкен эмес!

7-кылымда арабдар Пиреней жарым аралын басып алып, түндүктү көздөй жортуулун улантышкан, алардын Европанын ичкерисин карай жортуулу дал ушул шаарда токтотулган. Бүгүн бул кыйла эскичил (кантсе да кылымдардан бери көп өзгөрүү болгон эмес), жашоо ыргагы жай агылган күнөстүү жана көркөм шаар.

Баск жергесиндеги каникул

Айтылуу баск сеператисттери тууралуу укпаган киши жок болсо керек. Баск тилинин дүйнөдөгү бир дагы башка тил менен "туушкандыгы" жок. 3+4=1 деген баск формуласы кеңири белгилүү, бул Франциядагы 3 баск ооданы менен, Испаниядагы 4 баск ооданы бир мамлекет болууга болгон умтулуусун билдирет. Испан бакстары франциялык улутташтарына караганда кыйла радикал сеператисттер деп саналат. Мына ушул жайда мен мына ушул чек аранын эки тарабында жайгашкан баск жерлеринде болдум. Арада Пиреней тоосун "багынтып", француз клан системасы менен таанышып, католиктер эки кадам алга, бир кадам артка басып жүрүп барып сыйынган Лурдда болдум. Ушул жана башкалардын баарын анда төкпөй-чачпай бир четинен баяндасам.