Thursday, April 16, 2009

Кызыл сарайдын уламышы



2008дин жайы. Прагадан 100 чакырымдай жердеги бул сарай (červena Lhota) убагында ак эле сарай болгон экен, бирок бир жолу анда жашаган ак сөөктүн аялы чаң салып, күйөөсү аны терезеден ыргытып ийген экен. Ошондо аял үйдүн сырткы дубалына урунганда кан жая берип, ал так такыр кетпей койгондо үйдү бүт кызылга боеп койушкан имиш. Дегинкиси чехтерде терезеден ыргытмай илгертеден "салт" - 20-кылымда да белгилүү адамдарды ушул жол менен көзүн тазалашкан. Кызыл Лхотанын уламышы эл оозундагы кеппи, же туристтерди тартуунун амалыбы ким билет, бирок анын айланасындагы көлмөдө кайык менен сейилдеген мага жакты...

Сырдуу чеп


Австрия менен Чехиянын ортосундагы токой тилкесинде баратып, жолдон адашып калдык. Картада коргоого алынган парктын чегин сейил жолу деп алыппыз. Бир аяк жолду улам жоготуп, кайра таап, кырдан кырга өтүп келатсак, токойдун арасынан батып бараткан күнгө чагылышып, таштан салынган чептин сөлөкөтү көзгө урунду. Картадан карасак, Кайа чалдыбары (Ruine Kaia) экен. Европада ар дөбөнүн башында эле заңкайган чептерди кура беришкен, бирок согуш техникасы өнүккөндөн кийин, чепте баш калкалоо мүмкүн болбой калган, ошондон кийин европалыктар тоо чокусуна чеп салганды токтотушкан. Бул чепти айланып карап, киришин зорго тапсак, эки катар дарбазасы кулпуда экен. Көп чептен айырмаланган түнт токойдогу сырдуу Кайанын элесин дале унута албайм.

Wednesday, April 15, 2009

Беш кабаттуу шарап жайы

Мына ушул эски храмдын алдында Европадагы эң ири, беш кабаттуу (!) вино сактоочу кампа жайгашкан. Төмөнкү Австриянын Ретс деген чакан шаарынын так борборундагы бул жай Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин коңшулаш Чехословакия менен чек ара жабылып, соода жүрбөй калгандан кийин пайдаланылбай калган. Азыр мында музей бар, 7 евро төлөп кирсеңиз болот. Эң төмөн жеринде 12 градус гана жылуу. Айланып чыккандан кийин, шарап сунушат. Ошол эле жерден каалаган виноңузду алсаңыз болот, баасы фермерлерден алганга караганда 2-3 эсе кымбат.

Бул жерде музейден айрым көрүнүштөр:

http://janyl.webng.com/janyl/album/Retz%20wine%20celler/?id=22187

Tuesday, April 14, 2009

Лицинин "козусу"


Лицци бизге Остерде (орустарда Пасха, Батышта Easter, немистерде Oster), башкача айтканда, Иисус Христос кайра жаралган күнүндө ушул козусун "сойду". Абдан таттуу экен. Ал эми тамак бергенде кадимки эле байчечекей, бакчасындагы дагы башка жайнаган гүлдөрдү салат деп берди. Шырдак менен кийиздин билерманы көрсө австриялыктардын да салтын сактайт экен. Андан кийин "шпагетти бологнезе" болду (Болонь спагеттиси), ал эми суусундукка Төмөнкү Австриянын атактуу шарабы куюлду. Түркүн винону Лиццинин жүзүм өстүргөн фермер коңшуларынан алдык.

Сүрөттө: Лицци Майрл

Остерде жумуртка бойошот, сүрөттө "козунун" алдындагы көк түстүү жумуртканы Лицци атайын конокторго деп боеп коюптур. Жумуртка бойогон перси элинде да бар. Менин ирандык кесиптешимдин өспүрүм уулу Ноорузга карата жумуртка боеп жатканын көрүп катуу таң калгам. Кичинемде Бишкекте жаз келгенде эле чыт жоолук салынган орус кемпирлер "Иисус воскрес, воистину воскрес" деп боелгон жумуртка таркатышчу. Азыр ойлосом, бир да жолу ооз тийбептирмин, Иисус Христос деген ким болгонун деле билген эмесмин. Кийин билсем, христиандар Иисустун кайра жаралышын зороастрлардын байыркы майрамына (Ноорузга) тушташ белгилеп калышкан экен.