Tuesday, December 16, 2008

Көп кабаттуу мүрзө

Арборобеллонун "трулли" боз үйлөрүн айттым. Шаар бай окшоду, көрүстөнү мыкты экен, ар бир күмбөз өзүнчө эле көркөм өнөр шедеври бейм. Сөөгүн өрттөп, кутуга салып туруп, бир күмбөзгө бир түтүндүн кишилерин кое беришет. Бирок мезгил учкан сайын, көрүстөнгө өлүк такыр сыйбай кеткенден болсо керек, аларга көп кабаттуу "үйлөрдү" салышат экен. Бишкектин сыртындагы "Байтик" көрүстөнүндө бир мүрзөлүк жер 13 миң сом турат экен, четтен келгендерге, ал эми бул жерде бир "батир" канча экенин биле алган жокмун...

Италиядагы таш боз үйлөр


Арборобелло! Ал жерде болгондон бери бир жыл өтүп кетиптир, бүгүн да бул чын экенине ишенбейм... Бирок сүрөттүн күчү ушунда экен, ишендирип коет. Сураштыра келсем, бул жомок шаарды европалыктар да биле беришпейт. "Арбор" "бак, дарак" дегенди, "белла", өзүңүз жакшы билгендей, "сулуу" дегенди билдирет. Демек, бак-дарактуу кооз жер. Бирок бул шаардын өзгөчөлүгү үйлөрүндө. Кадимки эле боз үйгө окшош, бирок боз таштан салынган, ар бир короонун чекесинен көрөсүз, болжолу багбандар жайкы аптаптан жашырынган жер окшобойбу. Аты "трулли". Ал эми шаарда жер тартыш болгондуктан го, мындай үйлөрдү бир-бирине жабыштыра салып, эшик тарабын түз дубал кылып, актап коюшкан (сүрөттө). Тарыхын сурасаңыз, 17-кылымда бирөөлөр шаар курат, бирок шаар түптөштүн салыгы көп болгондуктан, салыкчылар келатканда, тургундар үйлөрүнүн кирпичтерин бирден алып, үйлөрүн "чачып" жиберип, таш дөбөлөрдө отуруп калышат. Акыры шаарга уруксат берилет, бирок боз таштан тизип, төбөсү томолок үй куруу салты сакталып калат. 20-кылымдын экинчи жарымында, Италияда элдин турмушу оңолгондон кийин туризм гүлдөп-өсөт, Арборобелланын атагы таш жарат, шаарды туристтер каптайт, боз үйлөр бүт туристтик дүкөн, ресторан, музейлерге айландырылып, шаар тургундары кадимки үйлөргө сүрүлүп калат. Туризмдин адамдын турумушуна бүлгүн салган ушундай "жырткыч" жагы да бар эмеспи.

Wednesday, November 26, 2008

Ат-Башыдагы акыркы коңгуроо

2007-жылдын жазы. Буйрук ушул экен, Ат-Башыга барып калдым. Дал акыркы коңгуроо күнү экен. Мен төрөлгөн үйдү таппай койдук. Мектептин заңгыраган спорт залында окуучулар ыр айтып, мугалимдер желим гүлдөрдү кучактап отурушуптур. Ал эми эшиктин алдында чачын кырдырган, кара костюмчан, кара көз айнекчен кишилер тескери карап, баары эле чөнтөк телефондон сүйлөшүп жатышат. Булар кимдер десем, "бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, кээ бирлери Бишкектен келген" дешти. Эл оозунда элек жок, мурда бүтүп кеткен, азыр чоң кызматтарда иштеген, же бизнесмен болгон ат-башылыктар биринчи мугалимдерине үй, машина белек бериптир, аларды "мен окуткам" деп мугалимдер талашып жатышат деп эле дуулдаган сөздөр. Кечинде баарын "Дордой Плаза" соода борборунун алдындагы ресторанга киргизип, таң атканча майрамдатышты деп уктум. Музыкалык окуу жайдын алдында комуз ойноп отурган кыздарды көрдүм. Айылдан чыгып, чет жактагы туугандарыбыздыкына барып, шырдак жасаган эжемди сүрөткө тартып кайттым. Салымбеков салдырган мечитке кирсем, арабча сөздөрдү аралаштырып, түшүнүксүз сүйлөгөн бирөө аркаман ээрчип, аялдар отура турган арткы бөлмөгө да бура бастырбай койгонунан, кетип калдым...
Ат-Башыдагы акыркы коңгуроо

Париждеги музыка майрамы

21-июн эл аралык музыка күнү. Бул майрамды француздар баштап, ошол бойдон дүйнөгө таркаган. Быйыл бул күнү Парижде элем, нагыз шаттык маанайга күбө болдум. 21и менин туулган күнүм эле, мага эки эсе майрам болду.
Париждеги музыка күнү

Saturday, November 22, 2008

Венадагы шайыр кыздар

Чынында да кыргыздын ушундай шайыр кыздарын көптөн бери көрө элек элем. Вена шаарындагы кыргыз фотографынын көрсөтмөсүндө манты жасап, разза ырдап-бийледик. Андан кийин латино дискатекага барсак, Гүлайым деген кыз салсаны катуу бийлейт экен, баарынын оозун ачырды. Мында көрсөтмөдөгү кечеден сүрөттөрдү көрүңүз.

Венадагы шайыр кыздар

Sunday, September 14, 2008

Көргөн көзүмө ишенбей...

Дакс тууралуу айтып бердим, отурукташкан элдерден бир шаар экинчисинен канчалык айырмаланышы мүмкүн экендигине андан болгону 20 чакырым түштүктөгү шаарга барганда ынамдым. Сал дө Беарн (Беарн дубанындагы туз кени), аты айтып тургандай, туз чыккан жерден өсүп-өнгөн. Шаарга кирип барганда Кочкордон кийин дароо Хивага келгендей эле болдум. Орто кылымдарда курулган кооз үйлөр же таштан салынган, же терезе, эшиктери бүт баск үлгүсүндө кызыл, жашыл, кочкул кызыл (бордо) түскө бойолгон. Жайында саякатчылардан тышкары, түбү ушул жактык тургундар агылып келишет. Бирок кышында мен бул жакка келбейт элем - эл азайып, дүкөндөрдүн көбү жабылып, жаан көп жаайт дешти. Мен шаардын 5-6 жол тогошкон көчөлөрүн видеого түшүрүп жатканда баласы менен өтүп бараткан бирөө жолтоо болбоюн деп жатып, тескерисинче мени буйдалтып койду. Ошого карабастан, бул тасмадан шаардын архитектуралык ар кылдуулугу жана көңүл көтөргөн кызыл-тазыл көркөмдүгүн көрө алабыз.

Биариц, курорттордун ханышасы

Франциялык баск шаарларынын эң коозу албетте Биариц. Миң уккандан бир көргөн деп, мен да барып көрдүм, алтургай суусуна да түштүм.

Аскаларга жабыштырыла курулган шаарга коңшу жерлерден жабылып эс алуучулар келип турушат, бирок чет элдиктер өтө аз. Себебин Жер ортолук деңизинин боюндагыдай эмес, жаан-чачындын көптүгү менен түшүндүрүштү. Киши аз болсо, кычкылтек көп болот деп шаар тургундары деле камырашпайт. Шаардын так борборунда эки пляж бар экен, пляжда бирок соодагерлер жок, тамак саткандарды да көрбөйсүз. Анткени, биринчиден, суу боюнда соода борборун ачууга же курулуш курууга эч кандай уруксат жок, экинчиден, шам-шум эткен тамагын алып алышкандар болгону менен, тамакты бул эл дасторкондо (ресторанда же үйдө) отуруп жеген тамакты гана тамак деп санашат.

Экинчи Дүйнөлүк согуштун катышуучуларына эстеликти көрүп, бул шаар нацисттик Германия басып алган Франциянын батыш жарымына киргенин эстедим кинчи жарымы нацисттердин колтугуна кирип алган Виши режимине караган). Француздар 28 панфиловчулардай кашык каны канганча аесуз согушкан эмес, бирок согушкандар албетте болгон. Алардын арасында баск мекенчилери (улутчулдарЫ) Союздаштар 1944-жылы Батыш фронтун ачканда жана бир жылдан кийин Парижди бошоткондо алдыңкы сапта туруп баатырдык менен согушушкан, себеби басктар, албетте, баатыр эл болгон.

Базарда ким бай ким кедей

Базар кайда да болсо базар, бирок Дакстын базарында бир да тачка тарткан өспүрүмдү, челкилдеген чакага суу куйуп алып сатып жүргөн жаш баланы көрбөйсүз, кайырчылар да жок. Кедейлер жок да! Киши башына кирешеси жылыга 30 миң долларды түзгөн дүйнөдөгү алтынчы эң бай өлкөдө бай менен кедейдин айырмасы дароо көзгө чагылбаган, көмүскө көрүнүш, бирок анын көмүскөлүгүнөн албетте бул айырмачылык жок болуп калбайт...

Дакстын базары:

Падышанын "гүлдестеси"

Бул тоголок жашыл "топту" жаңы жылдын алдында кесип алып, үйдө илип койсоңуз, үйүңүздө сөзсүз той болот, болгондо да үйлөнүү тою болот. Бул салтты түбү гаскон падыша Генри 4чүнүн ысмы менен байланыштырышат. Бул шарлар кеч күздө да жашыл бойдон турган бийик дарактарда өсөт экен.

Гүлдөр көргөзмөсү

Франциянын бүгүн да урааны "Liberté, égalité, fraternité" же "Эркиндик, теңдик, боордоштук", бирок байлар менен кедейлер түшүнүгү сакталып кала берген. Бир байды алалы, анын он чакты байыркы чеби, ак сарайы бар, бирок аларды кармап турганга көп акча керек. Же өкмөт жарытып жардам бербейт, ошондо ал бай акча топтош үчүн эмне кылат? Бир бай ушуга башы катып отуруп, акыры гүл көргөзмөсүн өткөрүүнү чечиптир. Жылыга жайында бир нече күнгө ал өз чебинин эшигин жана дарбазаларын гүл өстүрүүчүлөргө жана гүл алуучуларга ачат. Ошондой көргөзмөдө биз да болдук эле, анда чогуу көрөлү:

Франция жана арабдар, күтүүсүз жолугушуу

Акитандагы сапарыбызда "Керамика көргөзмөсү" деген жазууну көрүп калып, ал жакка барсак, көптөгөн араб, өзгөчө алжирдик көркөм өнөр чеберлеринин чоподон жасалган эмгектери ачык асман алдында коюлуптур. Бүтпөс революциялардын заманында түркөй бирөө малканага айландырган, кийин архитектуралык баалуулугу үчүн мамлекет өз колуна алган эски чиркөөдө жана анын айланасындагы майданда өтүп жаткан көргөзмөнүн көркүн ачып, араб музыкасы жаңырып жатты, жакындап барсак бул экен (видео):



Орустар менен кыргыздар деген сыяктуу эле француздардын арабдар менен алакасы албетте зор тема.Франсуздар араб жерлериндеги зордукчулдугу үчүн кечирим сураган экен, ал эми арабдар француздардан кечирим сураганын уккан жокмун. Магреб деп аталган Түндүк Африкадагы араб элдеринин өкүлдөрү Францияда калктын 10 пайызга жакынын түзөт. Арабдар менен мамиле кандай деген суроого бир француз аял "Арабдар биз менен миңдеген жылдардан бери аралаш жашаганын эске алышыбыз керек" деп кесе жооп берди.

Sunday, August 24, 2008

Боор ооруткан боор



Кыргыздар куйрук-боорду же казы-картаны кандай бааласа, француздар өрдөк-каздын боорун ошончо баалашат. Алардын деликатеси кайсы деп сурасаңыз "фруа грасс!" (froi grass) деп сыймыктануу менен жооп беришет. Эжигей (сыр), шарап, коняк, армагняк, шампан да албетте ушул катарда, бирок фруа граны чет элдиктер азыраак билишет, себеби кымбаттыгында да болсо керек (эң кымбат деген эжигейден кеминде эки эсе кымбат).

Кандай болгон күндө да, "бир чайнасаң май чайна" деген сөз каныма сиңип калган жаным, бул майлуу азыкты айрыкча жактырып калдым. Бирок ал кандайча алынаарын билгенден кийин, азыр эки ача ойдо жүрөм.

Көрсө, өрдөк-казды бир ай байлашат экен, нык тойгондо канаттуулар жем жебей калышат. Ошондо аларды күч менен тамактандырышат. Тактап айтканда, канатуунун оозун ачып туруп, жем тыгышат, ал да өтпөй калганда атайым бурама машина менен тыгып киргизишет. Ошентип семирген өрдөк-каздын боору май басып, 300 грамдан 1 килограмга жетет.

Кыргыздар мал сойгондо малдан кечирим сурап туруп сойчу дешет. Француздарда андай үрп-aдат тууралуу кулагым чалган жок.

Видеодо Дакстын жанындагы канаттуулар фермасы

Белестеги беш ыргай

Видео: Ландес (Landes) ооданындагы койчунун бийи


Дакстан түндүктөгү аймактарда мурда эл малчылык менен алектенген экен. Бирок, саздак жерлер кургатылгандан кийин койдун ордуна Латын Америкасынан басктар алып келген жүгөрү өстүрүлүп, ал эми кийинки кездери каз-өрдөк бакканга өтүшкөн. Эзелтен берки малчылык турмуштан болгону ыргай бийи сакталып калыптыр (жогорудагы видеодо).

Ыргай "минген" жигиттер кыздар менен кантип сүйлөшөт билбейм, бирок алар да кээде чогуу бийлешет экен, бир гана жери жигиттер ар дайым өйдөдөн төмөн карашат (бирок турмушта такыр андай эмес, бул жөнүндө өзүнчө сөз кылуу мүмкүн).

Дакстын "жаңы кыргыздары"

Дакс (Dax) Парижден Бордо аркылуу Испанияга баруучу кан жолдо жайгашкан, ошондой эле андан ары Франциянын түштүк-чыгышындагы Тулузду көздөй жол кетет. Аталышы болгону "суу чыккан жер" дегенди билдирет. Деңизден 50 чакырым жерде. Бир сааттын ары берисинде бул аймактын санжыргалуу шаары болгон чек арадагы басктардын Биаритсине кирип барасыз.

Дакс байыркы Рим империясынын тушунда император кызын дары сууга жибергенден түптөлгөн деп айтылат. Суу менен дарылануу Thermalism деген аталыш менен белгилүү. Дакстын дары суусу 64 градус ысык, суумайынча иче албайсың, анын үстүнө кыйла туздуу. Бул жерлер жер каймактаган замандарда деңиздин түбү болгон экен, деңиз кеткенде туз чөгүп калган. Бүгүн жердин түбүнөн ысык суу ошол туз катмарлары аркылуу атылып чыгат. Ысык суудан шаар тургундары үйлөрүн жылытып, жайы-кышы бекер пайдаланышат. Суу чыккан жерди айланта курчалган Рим фонтаны (сүрөттө) шаардагы эң эски тарыхый эстелик. Болбосо шаарда бүгүн сөз кылаар эски имарат жокко эсе, баары эле кадимки эле кадыресе 3-4 кабат же жер там үйлөр. Эски үйлөрдү 19-кылымдын этегинде, 20-кылымдын башында жаңы байыган капиталисттер түрттүрүп салышкан экен. "Кантип ушуга жол берилген? Европанын канча шаарларында байыркы мезгилден калган архитектураны көздүн карегиндей сакташат эмеспи" десем, "биз жактагы эл маданиятка, тарыхка кызыкпайт, бизге дасторкондо жайнаган тамак болсо, жоро-жолдошторубуз, тууган-тушкандарыбыз менен чакырышып, шаракташып, той-тамашада жүрсөк, башканын кереги жок" деп айтышты. Бир чети бүгүнкү жаңы кыргыздардын менталитетин эстесем, бир чети апамдын "кой деле жайытка жайып койсо курсагын тойгузганга жарайт" дегени ушул белем деп күлдүм. Видеодо Дакстын көчөсүнөн көрүнүш

Monday, August 18, 2008

Конкурска катышасызбы?


Дакста архитектура жок болгону менен, конкурс бар! Конкурс (французча conkours, конкур деп окулат)испандардын корридасынан калган, тагыраак айтканда, анда букалардын ордуна уй-сыйыр менен оюн курушат (уй кармаш). Бирок кадимки эле короодо жуушап турган, силкий баскан уй эмес, корридага катышкан букалардын тукумунан чыккан сүзөнөөк, булчуңдары таштай келген уйлар. Франциянын ушул тарабына гана мүнөздүү бул таймаштын Испаниядагы корридадан айырмасы ушунда. Коркурстан сүрөттөрдү көчөлөрдөн, терезелерден, дүкөндөрдөн, үйлөрдөн, айтор бардык жерден көрөсүз. Дакстын аянттарынын биринде алтургай конкурска арналган айкелди көрдүм (биринчи сүрөт).

"Коррида" болгону "чуркоо" дегенди билдирет, ал буканы курмандыкка чалуу салтынан калган, ал эми Испанияга бул оюнду кандуу жана Атилла хан канкордуктун туу чокусу санаган гладиатор кармаштарына убактылуу тыю салынган мезгилде император Кладиус тарабынан киргизилген деп саналат.


Бир үйдөн мага Элодие тууралуу сыймыктанып айтып беришти, көрсө жалаң жигиттер катышкан бул кармашта тореро кыз да бар экен. (сүрөттө).

Жолдуу болуп, жайкы фестивалдарда коркурс ойну да бар экен, ошондон бир көрүнүштү тартып алдым (видео).



Сөздүк:
Conkurs de vaches Landaises - Ландез (оодандын аты) уйлары менен мелдеш, конкур
Le teneur de corders - уйду аркан менен кармап турган киши
Le sauteur - уй келатканда анын үстүнөн секирип түшкөн тореро (видеодо)
L'ecarteur - уй келатканда ордунан кыймылдабай туруп, аны капталынан өткөрүп жиберген тореро

Sunday, August 17, 2008

Мушкетерлер жергесиндеги үй

Төмөндө сөз болгон кландын бирөөсүнүн үйү. Эски өрдөк фермасын 20 жыл ремонттоп, үй кылып алышкан. Азыр жайында жумасына 2000 еврого шаардыктарга ижарага беришет.


http://www.flickr.com/photos/29673565@N06/show/

Мушкетерлордун жергесиндеги уруучулук

Уруучулук кыргызда эле бар экен десем, гаскондордо да жолуктурдум. Бирок бул системада кыз-эркек деп бөлүү жок, кимиси күчтүү болсо, ошол кланды карманышат. Кадимки эле биздин айылдагы туугандардай, кимдин кайда эмне кылып жүргөнүн билип турушат, бир бирин колдошот, кээде урушуп же бир биринен кызганган учурлар да жок эмес. Алардын бири мага буларды айтып берди:

"Менин атам Британиден (Франциянын батышындагы провинция), энем ушул жактык. Мен өзүмдү энемдин кланына кошом. Каникулда таятамдын Дакс тараптагы ак сарайына келип, анын айланасындагы дүпүйгөн токойдо ойночубуз. Көзү өткөндөн кийин, үйүн инисинин уулу Жан алды. Менин инимен көрө ошого өткөнү жакшы болду, анткенин иним экөөбүз ата-энебиздин мурасынын айынан урушуп кеткенбиз. Жандын сегиз бир тууганы бар. Менин энем "менин алты эле балам бар" деп ичи тарычу эле. Бир туугандарым менен 3-4төн балабыз бар. Бул Франциядагы орточо көрсөткүчтөн жогору. Бирок Жандын үй-бүлөсү мындан да чоң. Энеси 83кө чыкса да тың, 45 небере-чөбөрөсү бар, күйөөсүнүн да көзү тирүү. Биздин кланда жалпысынан 40 чакты бөлөбүз, ар кимибиз ар жерде, бирок жамандык-жакшылыкта жолугушуп турабыз. Жан биздин таятабыздын үйүндө ар жылы 12-августта курултай өткөрөт, ага чогулганда 150гө жакын киши келебиз." деп сөзүн жыйынтыктады маектешим.

Уламыш: Мушкетердун арманы

Үч мушкетерду ким билбейт! Мен барган жерлер Дакста жана жалпы эле Бордо регионунун тургундары (алдыдагы картаны караңыз) атактуу Александр Дюма дүйнөгө тааныткан эр жүрөк жана ак көңүл мушкетерлордун урпактары экендиги менен сыймыктанышат. "Мушкетерлер Франция армиясынын эң мыкты аскерлери болгон, себеби алар өз арасында тынбай чабышып, аскердик өнөрүн үзгүлтүксүз өркүндөтүп турушкан" дешет алар тамаша-чыны аралаш. Алардын бири айтып берген мушкетер тууралуу укканым бул:

Бир акын болот, ал бир кызды сүйүп калат. Бирок мурду узун, өңү серт болгондуктан, кызга ашыктыгын билдире албайт. Ошондо ал кызга ашык болгон бир жигит аркылуу өз ырларын жиберип турат, ал жигит ырларды өзүмкү деп окуп берет. Акын ичтен сызып жүрө берет. "Ушул кейпим менен кызга сөз айтсам, сөзүмө кулак салбайт, кайра шылдың кылат" деп тартынат. Өзүнүн узун мурдун ырга кошчу болсо, эл боорун тытып күлөт. Бирок анын чукугандай сөз тапкан чечендиги, бирөөлөрдү тамашалап чычалаткан учкул саптары эл арасына кеңири тарайт.

Ошентип жүрүп, согуштардын биринде берки жигит өлүп калат. Арадан жылдар өтө берет. Бир жолу акын баягы кызга жолугуп калат, ал кыз өзү сыңарында орто жаштан ашып калган болот. Аял андан берки өлгөн жигит тууралуу сураштырып отуруп, ыр жазган ал жигит эмес эле ушул акын болгонуна көзү жетет, бирок акын муну танып туруп алат. Бирок акыры "мен кейпимден сени жийиркенет деп айткан эмесмин" деп агынан жарылат. Ошондо экөө кучакташып ыйлап да, күлүп да, чоң кубанычка батышат. Бирок көп өтпөй, акын согушта өлүп калат. "Себеби гаскондор согушпай тура алышкан эмес" деп сөзүн жыйынтыктады маектешим.

Wednesday, August 13, 2008

Күмүш жээктин картасы

Мухиттин кучагында!

Франция Казакстандан алты эсе кичине, бирок баары бир зор өлкө. 10 саат дегенде Парижден Дакска жеттик. Бул жак Акитан провинциясы, Испания менен чек арадагы, Пиренейдин этегинде жайгашкан.

Бул тарапты le pot de chambre de la France (Франциянын күлтүгү - ночной горшок) деп коюшат, себеби абасы өтө нымдуу, жаан көп жаайт. Бул тууралуу Павел Назаров Атлантиканын нымдуу абасы ичкери көздөй жылганда Батыш Түркестандын ысык чөлдөрүндө дээрлик токтолбостон, Ат-Башы өрөөнүнө келип токтолоорун жазган (Hunted Through Central Asia, 272-бет).

Биз келген тушта күн ачык эле. Дароо океанды көздөй жөнөдүк. Мен Тенериф аралында океанды алыстан көргөм, ошондо анын 2-3 метр келген толкундарын көрүп эле, жакын барууну ойлогон да эмесмин. Бул ирет атайын келгенден кийин түшүүгө туура келди. Мухит бүгүн тынч дешти, бирок баары бир жүрөктү опкоолжутат. Зор толкундар жээкке келип урунган жеринде туруп калсаң, бир заматта көмкөрөңөн салат. Көп киши жээктен көп алыстап кете албай жүрдү.

Жакшы жери толкун менен алышып атып, убакыттын өткөнүн да билбей калат экенсиң. Сууга сүзгөндү үйрөнүп алганыма сүйүндүм, себеби жээктен алысыраак кетсең, чоң толкун келатканда секирип, калкып, же толкундун дал курсагына сүңгүп кирип жүрө берсең, толкунду көп тоотпой калат экенсиң.

Бул жээкти Күмүш жээк деп аташат. Испания менен чек арадан түндүккө карай 150 чакырым созулуп жатат. Жээгинде курулуштар жокко эсе. "Биз жээкти испандар Коста Браванын ишпалдасын чыгаргандай кылгыбыз келбейт, суунун жээгинде, жаратылыштын кучагында эс алуу биз үчүн башкы байлык" деп айтышты. Мен таландыда калган Ысык-Көлдү эстеп, ичим тыз этти!

Мухиттин суусу туздуу экен, Жер ортолук деңизинен да туздуу көрүндү, бирок суусу Ысык-Көлдөн кыйла жылуу. 2-3 саат чыкпай жүрө берсең да билинбейт.

Пуатъе - арабдардын жолун торогон шаар


Парижден Баск жергесине чейин дээрлик 800 чакырым! Франциянын баш калаасынан Бордо регионун көздөй кеткен даңгыр жолго түштүк. 2 жарым саатта кофе ичкени Пуатьеге токтолдук.

Пуатъе - илгери ак сөөктөр ак сарайларын курган Луар өзөнүнүн боюнчадагы көркөм шаарлардын бири. Рим империясынын тушунда айрыкча өсүп өнгөн, көп кабат таш үйлөр жыш курулган көчөлөр кууш келип, көлөкө болуп турат. Ушунусу менен Италиянын түштүгүндөгү байыркы шаарларды эске салды.

Көчө демекчи, Европадагы шаардын эскилигин көчөлөдүн ортосунан кыйгач салынышынан билсе болот (оңдогу сүрөттү караңыз). Азыр анча байкалбаганы менен, бул кыйгай арыкча мурда бир аз тереңирээк келген жана шаар тургундары таштанды, жуундусун терезеден ушул арыкчаларга төгүп турушкан. Шаардагы аба жыпар жыттанып турбаганын элестетүү кыйын эмес. Бирок жыттан да мурда, мындай булганчтан ар кандай эпидемиялар чыгып, миллиондогон кишинин өмүрүн алып кетип турган. 19-кылымдын этегине чейин булганч таштанды, аны ташыган келемиш чычкан жана жуулбаган колдогу бактерия жугуштуу оорулардын башкы булагы экендигин билишкен эмес!

7-кылымда арабдар Пиреней жарым аралын басып алып, түндүктү көздөй жортуулун улантышкан, алардын Европанын ичкерисин карай жортуулу дал ушул шаарда токтотулган. Бүгүн бул кыйла эскичил (кантсе да кылымдардан бери көп өзгөрүү болгон эмес), жашоо ыргагы жай агылган күнөстүү жана көркөм шаар.

Баск жергесиндеги каникул

Айтылуу баск сеператисттери тууралуу укпаган киши жок болсо керек. Баск тилинин дүйнөдөгү бир дагы башка тил менен "туушкандыгы" жок. 3+4=1 деген баск формуласы кеңири белгилүү, бул Франциядагы 3 баск ооданы менен, Испаниядагы 4 баск ооданы бир мамлекет болууга болгон умтулуусун билдирет. Испан бакстары франциялык улутташтарына караганда кыйла радикал сеператисттер деп саналат. Мына ушул жайда мен мына ушул чек аранын эки тарабында жайгашкан баск жерлеринде болдум. Арада Пиреней тоосун "багынтып", француз клан системасы менен таанышып, католиктер эки кадам алга, бир кадам артка басып жүрүп барып сыйынган Лурдда болдум. Ушул жана башкалардын баарын анда төкпөй-чачпай бир четинен баяндасам.

Friday, July 25, 2008

Луциа Пулидо

Ошентип, Намнест нас Ославоуден кайтып келип калдым. Ал жерде көп музыканттар болду, бирок алардын бири менен жакын таанышып калдым. Луция Пулидо Нью-Йоркто жашаган колумбиялык ырчы. Аспап менен да, аспабы жок да ырдай берет экен, бою кичинекей болуп туруп, үнүн созчу болсо тоо, кырларды ашып, көк асманга сиңип кетчүдөй. Бир компакт дискин алдым (сатып алдым, себеби музыканттан диск белек алганга болбойт!). Анда Луцианын ырдаганын видеого тартып алдым эле, ошону көрөлү.

Sunday, July 20, 2008

Көмөкөй менен ырдаган кыз

Эртең Чехиянын экинчи чоң шаары болгон Брнонун жанындагы Намнест над Ославоу (Nam'est nad Oslavou) деген жерде болом. Алаканга салгандай чакан жана көздүн жоосун алган бул шаарда жылыга өтүүчү фолклордук фестивал бар, ал фестивалдын чегинде антропологиялык конференция өтөт. Ал конференцияда мен көмөкөй менен ырдаган тывалык (Тува, Россия) кыз тууралуу айтып берем. Дагы башка ырчы кыздарды да айтам, жыраучы Уулжан, кыргыздар менен айтышка чыгып жүргөн Айнура, Тажикстандан макамчы Озада жана башкалар. Булардын бардыгы буга чейин эркектер гана ырдаган ырларды аткаргандыгы менен айырмаланышат. Раиса Модорова мени айрыкча таң калтырды. Тывалардын "Хун-хур-ту" деген дүйнөгө таанылган ансамбли бар. Аларды Чехиядан 2-3 жолу көргөм. Алар көмөкөйү менен күңгүрөнүп ырдачу болсо, элдер жөн эле эстери ооп калат. Мен уккандан, бардык эле түрк элдеринде мындай ыр болгон, бирок көпчүлүгү бул өнөрдү "жоготуп" коюшкан. Тывалар болсо сактап гана калмак тургай, бүгүн чыт курсак балдардан, сакалын бубак баскан абышкаларына чейин көмөкөй менен ырдашат. Ал эми бул өнөр Тыванын өзүндө "Хун-хур-ту" сыяктуу ансамлдердин атагы дүйнөгө тарагандан кийин айрыкча популярдуу боло баштады. Ток этер жерине келсек, бул эркектердин гана өнөрү деп саначу, анткени эгер кыз-келиндер ырдаса, үн ушунча катуу вибрация болгондуктан, жатынына зак кетип, төрөбөй калат имиш. Бирок Раиса Модорова көмөкөйү менен ырдап жүрүп эле, таптатынакай кыз төрөп алыптыр! Анда Тед Левинден "белекке" алган видеону сизге да тартуулайм!

Амандашуу

Арба, окурман. Ошентип, эки ай ойлонуп отуруп, акыры блогду жаза берейин деп чечтим. Болбосо убакыт өтө бергидей, ал эми менде сөз көп, бөлүшөөр ой көп. Бул блогду мен кыргызча жазайын деп чечтим, себеби англисчеси уже бар (www.kultur-multur.org), анын үстүнө, элге да эмгек кылыш керек да:) Анда ЖОЛ ДЕПТЕР блогуна кош келиңиз!