Showing posts with label CZ- өгөй мекен өз мекен. Show all posts
Showing posts with label CZ- өгөй мекен өз мекен. Show all posts

Tuesday, October 20, 2009

Чехтердин француз багы


Англис багы каралбай калгандай, жапайы сымал багылса, ар бир жалбырагы таралып, тегизделип, Версалдагыдай тептегиз жолдор салынып, кыз баладай кооздолуп, жасалгаланган бакты чехтер француздардыкы деп санашат. Прагадан түштүктө 40 чакырымдай жердеги Добриш кыштагындагы бул бак 17-кылымдан бери сүрөттөгү ак сарайга ээлик кылган, коммунизмдин убагында тарттырып жиберип, кийин реституцияда кайра алган Колерадо-Мансфелддердин үй-бүлөсүнө таандык. 2005те кайра курулуп, азыр ак сарайдын бир тарабы мейманкана, бир тарабы музей, ресторан, кафе. Күн бүркөк, суук экенине карабастан, ишемби эмеспи, көп киши жүрдү. Журналисттик күбөлүктү кабыл алышкан жок, жеке менчик музей деп. 100 крондон (6 долларга чукул) билет алып кирдик. Праганын айланасы бүт эле ак сарай, көк сарайлар белем.

Thursday, April 16, 2009

Кызыл сарайдын уламышы



2008дин жайы. Прагадан 100 чакырымдай жердеги бул сарай (červena Lhota) убагында ак эле сарай болгон экен, бирок бир жолу анда жашаган ак сөөктүн аялы чаң салып, күйөөсү аны терезеден ыргытып ийген экен. Ошондо аял үйдүн сырткы дубалына урунганда кан жая берип, ал так такыр кетпей койгондо үйдү бүт кызылга боеп койушкан имиш. Дегинкиси чехтерде терезеден ыргытмай илгертеден "салт" - 20-кылымда да белгилүү адамдарды ушул жол менен көзүн тазалашкан. Кызыл Лхотанын уламышы эл оозундагы кеппи, же туристтерди тартуунун амалыбы ким билет, бирок анын айланасындагы көлмөдө кайык менен сейилдеген мага жакты...