КүзДө Советтер Союзунун баатыры Дайыр АсановДу виДеого тарталы Деп барсак, секретары аны бүгүн Доктурга алып кетти ДеДи. Бир күнДөн кийин кайтыш болДу Деген суук кабар келДи. Бир канча жыл илгери жолукканДа "кызым, Жусубжан менен бирге согушка катышкам, филармониянын артынДагы мектепте кабинетиме келип кет" ДегенДе кол бошобой барбай калгам. Эми барсам, өзү кетип, орДу бош...
Showing posts with label Кандуу согуш издери. Show all posts
Showing posts with label Кандуу согуш издери. Show all posts
Saturday, January 2, 2010
БаатырДын бош калган үстөлү
КүзДө Советтер Союзунун баатыры Дайыр АсановДу виДеого тарталы Деп барсак, секретары аны бүгүн Доктурга алып кетти ДеДи. Бир күнДөн кийин кайтыш болДу Деген суук кабар келДи. Бир канча жыл илгери жолукканДа "кызым, Жусубжан менен бирге согушка катышкам, филармониянын артынДагы мектепте кабинетиме келип кет" ДегенДе кол бошобой барбай калгам. Эми барсам, өзү кетип, орДу бош...
Thursday, July 9, 2009
Европадагы эң бийик чиркөөдөн бир шиңгил музыка
Европадагы эң арзан аба каттамдарынын бири словакиялык Skyeurope кризиске кептелгенде, венгрлердин Wizzair аба каттамы ага конкурент болуп чыкты. Бул каттамдын билеттери эмнеге арзан десеңиз, ал борбор калаалардан алысыраак жайгашкан аэропортторду пайдаланат экен. Мисалы Парижге учсаңыз, Wizzair сизди андан 80 чакырым аралыктагы Бове шаарына алып барып таштайт, Парижге автобус менен бир жарым саатта жетип келесиз. Жолдордо тыгын көп өлкөдөбул анча деле узак эмес. Экинчи дүйнөлүк согушта дээрлик тып-тыйпыл болгон Боведе(французча Bevauvais) саналуу гана имараттар аман калган. Алардын бири Ыйык Петрдин чиркөөсүн Европадагы эң бийик чиркөө дешти. Бул видеодо анын асман тиреген шыбын орган музыкасынын коштоосунда карап отуруп тартып алдым.
Чолпонбайдын амбразура
Балким архивдерде Чолпонбай Түлөбердиев Москванын алдында немистердин кандай амбрзурасына бой таштаганы тууралуу документ, сүрөттөр сакталып калгандыр. Бул баатырдын эрдиги тууралуу китептен гана окугандыктан, Британия менен жээктеш Францияда Ла-Манш кысыгын бойлото орнотулган Экинчи дүйнөлүк согуштан калган амбразуларды көргөндө жүрөк болк этти. Немистер Союздаштарын чабуулуна даярданып, жээк бойлото ар 50 метр сайын курган бункерлердин үчөөсүн Диептин жанынан көрдүм. Алар бетондон ушунча бекем, калың салынган экен, эмгиче бузулбай турат. Эң бийик чокудагы бункердин ичине кирдим. Кадимки 3-4 бөлмөлүү батирдей бар, шыбы адам басканга болоорлуктай бийик. Эң төркү бөлмө деңизди карайт, болгондо да узатасынан тешилген көзөнөктөн бүт кысык колго салгандай көрүнүп турат. Азыр акыр-чикир толгон бункерди музейге айландырса болчудай, бирок мындай бункерлер миңдеген чакырым аралыкта сансыз көп болсо,кайсы бирине жетишмек эле деп ойлодум.
Friday, June 19, 2009
Ушунчалык да узун аталыш болот экен
Мында нацисттик Германиянын (les Boches деп аталган) куралдуу күчтөрүнө (анча-мынча) каршылык көрсөткөн Франциянын эл аралык армиясынын cocorico атыккан аскерлери тууралуу сөз жүрүп жатат. Мындай күчтөргө айтылуу Түркестан легионунун немистерден качкан аскерлери да кошулган болсо таң калбайт элем.
Бриттани Экинчи Дүйнөлүк согушта немистер басып алган аймактардын катарына кирген. Немистер Франциянын бүт батыш деңиз жээгин көзөмөлдөп турушкан. 1944-жылдын июнунда Союздаш күчтөр немистердин коргонуу чептерин бузуп, Норманди (Британиден батыштагы дубан) аркылуу чабуулга өтүшкөн.
Бул узун аталышты мен Бриттанинин Ердевен деген айылына жакын жердеги эс алуу паркына кире бериштен көрдүм. Французча чечмелегенде: Rue de la 5ème compagnie du 2ème bataillon des Forces Françaises de l'Intérieur.
Subscribe to:
Posts (Atom)